Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:37

Салянова: Бакиевдер уурдады деген акчаны кайтаруу аракетибиз кийин унутта калды


Аида Салянова
Аида Салянова

“Бакиевдер өлкөдөн чыгарып кетти” деген миллиондогон акчаны кайра Кыргызстанга кайтаруу жаатында бир топ аракет көрүлгөн, бирок анын баары кийин унутта калды. Мындай пикирин бүгүн “Азаттык” радиосуна курган маегинде мурдагы башкы прокурор Аида Салянова билдирди.

- Чоң жумуш 2013-2014-жылдары болду. 2014-жылы июнь айында мен АКШга барып көп жолугушууларды өткөрдүм. Мындай деңгээлдеги жолугушуулар Башкы прокуратура тарабынан мага чейин да, менден кийин да АКШда болгон жок. Ал жолугушуулардын максаты бир эле болчу – мыйзамсыз чыгарылып кеткен каражаттарды табуу, кайра ордуна алып келүү. Силер айтып жаткан жанагы эки прокурор качан учуп барганын билбейм. Мисалы, мен Алабамага барган эмесмин.

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин үй-бүлөсү Кыргызстандан 200-300 миллион доллар чыгарып кеткенин алардын финансылык кеңешчиси болгон, Кыргызстанда бир нече кылмыштар боюнча сыртынан соттолгон, азыр АКШда шарттуу абакта отурган Евгений Гуревич “Азаттык” менен маегинде билдирген. Гуревич 2015-жылы Кыргызстандын прокуратурасынын өкүлдөрү Алабамага келип, аны менен жолукканын айткан.

Ошондой эле ал Бакиевдер Кыргызстандан чыгарып кеткен миллиондогон долларлар тууралуу көрсөтмө берүүгө даярдыгын айтып кызматташууну сунуштаганын, бирок кыргызстандык прокурорлор аны менен жолуккандан кийин такыр байланышка чыкпай койгонун билдирген.

Парламенттеги “Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Алмамбет Шыкмаматов Гуревичтин айткандары боюнча парламентте маселе көтөрүлөрүн айтууда. Ал белгилегендей, 2015-жылдары прокуратуранын кайсы кызматкерлери Гуревич менен жолугушууга барганы суроо жаратып жатат.

Аида Салянова Башкы прокуратураны 2011-жылдын апрелинен 2015-жылдын январына чейин башкарып турган. (BkA)

XS
SM
MD
LG