Линктер

жума, 16-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 11:14

АКШ байыркы тарыхый буюмду Иранга өткөрүп берди


Тегерандагы улуттук музей. Иран.

АКШ сотунун чечими менен персиялык байыркы баалуу артефакт Иранга кайтарылды.

23-июлда Нью-Йорктун Жогорку соту Ахемениддер дооруна таандык айкелче Иранга өткөрүлсүн деген чечим чыгарган.

Ирандын Улуттар Уюмундагы элчиси Гулям-Али Хошру 5-сентябрда артефактты алып жатып “аткезчилик жол менен алынып кеткен маанилүү маданий буюмдун кайтарылышына кубанганын Ирандын Press TV каналына билдирди.

Перс империясынын жоокеринин айкелчеси былтыр октябрда сатыкка коюлган жеринен колго түшүрүлгөн. 1,2 миллион долларга бааланган буюм 1936-жылы Персеполис шаарында уурдалганы аныкталган, кийин Монреалдагы искусство музейине тапшырылып, 2011-жылы ал жерден да уурдап кетишкен.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG