Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:26

Британия Скрипалдарды ууландырган орусиялык эки кишинин ысымын атады


Британиянын прокуратурасы орусиялык экс-тыңчы Сергей Скрипал жана кызы Юлияны ууландырууга шектелген орусиялык эки кишинин атын атады.

Александр Петров жана Руслан Бошировго Скрипалдарды жана британиялык полициячыны өлтүрүүгө аракеттенген деген айып тагылды.

Полициянын өкүлү Сью Хэмминг Лондон Москвадан аларды экстрадициялоону сурабайт, себеби Орусия өз жарандарын өткөрүп бербейт деп Рейтерге айтты. Бирок экөөнү кармоого европалык ордер чыгарылды. Тергөөчүлөрдүн айтымында, орусиялыктар Британияга жасалма паспорт менен 2-мартта киришкен. Аларга каршы негизги далил катары Петров менен Боширов турган мейманканада “Новичок” затынын издери табылганы аталууда.

Британ бийликтери алардын орус атайын кызматтарына тиешеси бар деп эсептешет жана жоопкерчиликти Орусияга жүктөшөт. Шаршемби күнү кечинде премьер-министр Тереза Мэй парламентте билдирүү жасайт деп күтүлүүдө.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги Британия жарыялаган шектүүлөрдүн сүрөттөрү менен ысымдары Москвага "эч нерседен кабар бербейт" деп билдирди.

Скрипалдар жана алар табылган жерге барган полициячы март айында Солсбери шаарында "Новичок" деген нервди шал кылчу зат менен ууланган.

XS
SM
MD
LG