Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Шаардык сот Матраимов боюнча арызды кароо күнүн белгиледи


Kyrgyzstan - Raimbek Matraimov, former deputy chairman of the customs.
Kyrgyzstan - Raimbek Matraimov, former deputy chairman of the customs.

Бишкек шаардык соту кыргыз өкмөтүнүн Райымбек Матраимов боюнча арызын 26-сентябрда карайт. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Жогорку Соттун басма сөз кызматы кабарлады.

Быйыл 25-июлда Бишкектин Биринчи май райондук соту Райымбек Матраимовго Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматына кайра кайтууга уруксат берген чечим чыгарган. Өз чечимин түшүндүрүп бул сот органы Матраимов “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” мыйзамды бузганы тууралуу далил табылбаганын, аны жазалоого негиз болуучу кызматтык иликтөө жүрбөгөнүн жана тартип комиссиясынын бүтүмү болбогонун айткан.

Ал эми 17-августта өкмөт райондук сот чыгарган чечимге байланыштуу шаардык сотко апелляциялык арыз менен кайрылган.

Эл ичинде "Райым миллион" атыккан Райымбек Матраимов 2017-жылдын 23-ноябрында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басарынын кызматынан бошотулган. Өкмөт бул чечимди "анын иши жетекчиликтин чечимдерине жана жүргүзгөн саясатка каршы келет" деп негиздеген.

Быйыл апрелде ал "мени негизсиз жумуштан алды" деп өкмөттү сотко берген жана ал кездеги премьер-министр Сапар Исаковдун буйругун жокко чыгарууну өтүнгөн. (RK)

XS
SM
MD
LG