Көчмөндөр оюндарынын коногу, Бельгиядан келген туристтин жоголгон жеке буюмдарын табууга жергиликтүү тургундар жардам беришти. Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлагандай, Вильгельм Шуберт Кырчын жайлоосунда тигилген боз үйлөрдү кыдырып жүрүп баштыгын унутуп кеткен.
Дархан айылына таандык боз үйдө калган баштык тууралуу анын ээлери дароо милицияга кабарлашкан. Ичинде фотоаппарат, документтер жана жеке буюмдар бар экени аныкталган. Натыйжада анын баары ээсине кайтарылып берилди.
Ошондой эле милиция кызматкерлери Дүйнөлүк банктын Өзбекстандагы өкүлчүлүгүнүн кызматкери Винаяк Нагаражга да жоготуп алган документин табууга жардам беришти.
2-8-сентябрда Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жатат. Коопсуздукту камсыз кылууга 2 миң милиция кызматкери тартылды. (RK)