Линктер

дүйшөмбү, 19-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 22:35

Кырчындагы илбирстин териси музейге таандык экени айтылды


Кожомкулдун боз үй музейиндеги илбирстин териси.

Мамлекеттик экологиялык, техникалык коопсуздук инспекциясы үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда балбан Кожомкул Кааба уулунун боз үй музейинде илинген илбирстин териси боюнча териштирүү жүргүздү.

Аталган мекеменин басма сөз кызматы "Азаттыкка" билдиргендей, териштирүүнүн жүрүшүндө илбирстин териси Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкулдун музейине таандык экени ачыкка чыкты. Илбирстин териси музейде экспонат катары саналып, тизмеге киргизилген.

Кожомкул атындагы музей түзүлгөндө, балбан колдонуп жүргөн буюмдар менен биргеликте илбирстин териси да ага өткөрүлүп берилгени маалымдалды.

Кырчын жайлоосунда Чүй облусунун боз үйүндө илинген ак илбирстин териси кайдан алынганы буга чейин коомчулукта суроо жараткан. Ак илбирс Кызыл китепке кирген жаныбарлар түрүнүн бири. Ал өзгөчө коргоого алынган.

Адистердин айтымында, бүгүнкү күндө Кыргызстанда 324 ак илбирс бар. Ага зыян тийгизгендерге 1,5 миллион сомдук айыппул каралган.

2-8-сентябрда Ысык-Көл облусунун Кырчын жайлоосунда Көчмөндөр оюндары өтүүдө. Ар бир облуска бөлүнүп берилген аянтчада боз үйлөр тигилип, конокторду тосуп жатышат. (AsM)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG