Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:04

Кырчындагы уурулук фактысы боюнча кылмыш иши козголду


Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосу. Көчмөндөр оюндары.
Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосу. Көчмөндөр оюндары.

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан Ысык-Көлдүн Кырчын жайлоосунда чет элдик жарандын буюмдарынын уурдалышы боюнча кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу «Азаттыкка» Ысык-Көл облустук милициясынын басма сөз катчысы Сталбек Усубакунов билдирди. Анын айтымында, Британия жараны 5-сентябрда жайлоодогу өзү жашап турган боз үйдөн баалуу буюмдарды жоготконун айтып, милицияга кайрылган:

- Британиянын жараны өз арызында Кырчынга тигип койгон боз үйдөн рюкзагынын ичинен видеокамера, фотоаппарат жана башка баалуу буюмдар уурдалганын жазган. Окуя болгон жерди караштыруу учурунда рюкзагынан буюмдар уурдалганы аныкталган. Териштирүүдө британ жаранына эки күн мурда Кырчындын жанындагы этно шаарчадан 100 метрдей алыстыкта боз үй тигилгени белгилүү болду. Ал жер милиция кызматкерлери кайтарбаган аймак болуп эсептелет экен. Буга чейин милиционерлер британ жаранына кайрылышып, боз үйдү этно шаарчага же милиция кайтарган аймактын ичине тигүүнү сунуштаган. Бирок чет элдик жаран ал сунушту уккан эмес.

Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси ("Уурдоо") менен козголгон кылмыш иши боюнча Ысык-Көл райондук ички иштер бөлүмү иликтөө жүргүзүп жатканы кабарланды. (AsM)

XS
SM
MD
LG