Кыргызстандын улуттук курама командасы Көчмөндөр оюндарынын 4-күнүнүн жыйынтыгы боюнча биринчи орунду сактап турат.
Мелдештин расмий сайтындагы маалыматка таянсак, өлкө куржунунда жалпы 60 медаль бар. Анын 26сы алтын, 18и күмүш, 16сы коло.
Экинчи орунга Орусия командасы 36 медалы (13 алтын, 8 күмүш, 15 коло) менен чыкты. Үчүнчү орундагы Казакстанда 32 медаль бар, анын 11и алтын, 15и күмүш, 18и коло.
Алдыңкы ондукта Түркмөнстан (23 медаль), Иран (10 медаль), Украина (8 медаль), Монголия (8) Өзбекстан (24), Венгрия (6) жана Болгария (2) командалары турат. (SDz)