Ошто бала бакчадан оозунун тегереги көгөрүп келген баланын ата-энеси соттук-медициналык экспертизанын бүтүмүнө макул болбой, комиссиялык негизде иликтеп чыгууна талап кылды. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков билдирди:
- Бала бакчадагылар бала кружкасын оозуна жабыштырып ойноп жүргөн деп айтып жатышат. Бир кызматкерди жумуштан кетириштиптир. Экспертизанын биринчи жыйынтыгында “баланын ден соолугуна оор залака тийген” жок деп жазылган экен.
Сыдыков милицияга арыз 25-августта түшкөнүн, териштирүү жүрүп, учурда комиссиялык экспертизанын бүтүмүн күтүп жатышканын айтты.
Ош шаарынын тургуну төрт жаштагы уулу 24-августта бала бакчадан оозунун тегереги көк ала болуп келгенин айтып милицияга кайрылган. (MdN)