Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:18

Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын президенттери жолугушат


Түштүк жана Түндүк Корея президенттери.
Түштүк жана Түндүк Корея президенттери.

Түштүк Корея менен Түндүк Кореянын жетекчилери Корей жарым аралындагы чыңалууну басаңдатуу максатында жогорку деңгээлдеги үчүнчү саммит өткөрүүнү макулдашты.

Эки өлкөнүн расмий адамдарынын билдиргенине караганда, жолугушуу 18-20-сентябрда болот. Мындай чечим Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ындын Түштүк Кореядан келген өкүлдөр менен болгон жолугушуусунан кийин кабыл алынган. Ким Чен Ын жарым аралды өзөктүк куралдан арылтуунун үстүнөн иштөөгө ниетин билдирген.

Маалыматтарда Түштүк Кореянын делегациясы Ким Чен Ынга АКШ президентинин катын тапшырып, анын жообун да ала кетишкен.

Түштүк Кореянын коопсуздук боюнча кеңешчиси Чун Юй Юндун айтымында, Түндүк Корея өзөктүк куралдан арылуу жаатында бир катар маанилүү кадамдарды жасаган. Ал Ким Чен Ын Трамптын президенттик мөөнөтү аяктаганча, 2021-жылга чейин толук зыянсыздандыруу ниетин билдиргенин да кошумчалады. Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын жана Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин биринчи жолу быйыл апрель айында Панмунжом кыштагында жолугушкан.

Экинчи жолу президенттер Сингапурда АКШ-Түндүк Корея саммити болордун алдында дагы бир жолу жолугушкан.

XS
SM
MD
LG