Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:38

Индиянын Жогорку соту бир жыныстагы секс үчүн жазаны жокко чыгарды


Иллюстрация
Иллюстрация

Индиянын Жогорку соту бир жыныстагы адамдардын ортосунда болгон жакындашуу үчүн киргизилген кылмыш жазасын алып салды. Жогорку соттун жетекчиси Дипак Мисранын айтымында, кандай гана ориентациядагы адамдар болбосун алардын өз ара макулдугу менен ишке ашкан жыныстык катнаш Конституцияга каршы келбейт.

Индияда буга чейин бир жыныстагы адамдардын төшөк ымаласы үчүн 10 жылдан өмүр бою соттогонго чейинки жаза бар болчу. Мындай берене Кылмыш кодексине 1861-жылы - Индия Улуу Британиянын колониясы болуп турган кезде эле киргизилген. Сексуалдык азчылыктар бул жазаны жокко чыгарууга жетишти. Алардын айтымында, бул берене ЛГБТ мүчөлөрүн коркутуу жана басынтуу үчүн колдонулуп келген.

2009-жылы Делинин соту бир жыныстагы адамдардын төшөк ымаласы үчүн жазаны алып салган, бирок бул чечим кийин жокко чыгарылган. Ал кезде Жогорку сот акыркы чечимди Индия парламенти кабыл алышы керек деген көз карашта болгон.

XS
SM
MD
LG