Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:03

Бажы кызматынын мурдагы башчысына издөө жарыяланды


Адамкул Жунусов.
Адамкул Жунусов.

Кыргызстандын Каржы полициясы Бажы кызматынын мурдагы башчысы Адамкул Жунусовго издөө жарыялады.

Ал мамлекетке 166 миллион сомдон ашуун өлчөмдө зыян келтирген деп айыпталып жатат.

“Жунусовдун кылмышы өзгөчө оор мыйзам бузуулардын катарына кирет. Бирок ал тергөөдөн качып жүрөт” деп билдирди Каржы полициясынын басма сөз кызматы.

18-августта Башкы прокуратура Мамлекттик бажы кызматынын кызмат адамдарына "мамлекеттик бюджетке ири өлчөмдө зыян келтирген" деген негизде Кылмыш-жаза кодексинин 304-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш ишин козгогон жана ал боюнча Жунусовго сыртынан айып тагылган. 28-августта Бишкектин Биринчи Май райондук соту аны “камакка алуу керек” деген чечим чыгарган.

Жунусов Бажы кызматын 2013-жылдан 2016-жылдын жаз айларына чейин жетектеген. Кийин Евразия экономикалык комиссиясынын энергетика жана инфраструктура боюнча министри болуп иштеген. (RK)

XS
SM
MD
LG