Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Декабрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:26

Казакстанда доллардын баасы дагы кымбаттады


Казакстанда 1 АКШ доллары орточо 370 теңгеге жетти. Доллар акча алмаштыруучу жайларда банк бекиткен курстан да төрт-беш теңгеге жогору сатылууда. Муну менен казак улуттук акчасы эки айдын ичинде 30 теңгеге арзандап кетти. Буга байланыштуу кийинки жылы инфляция күтүлгөндөн жогору болуп, баалар өсөрүн Улуттук банк төрагасы Данияр Акишев эки күн мурда эскерткен.

“Биринчиден, бул Орусияга каршы санкциялардан, экинчиден, улуттук акчанын алсырашынан, үчүнчүдөн, мунай баасынын түшүп кетишинен, төртүнчүдөн, социалдык чыгымдар менен кредиттердин өсүшүнөн улам болду” дейт казак башкы банкири.

XS
SM
MD
LG