Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:53

ДКО-2018: Кыргызстандын көкбөрүчүлөрү финалга жолдомо алды (видео)


Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы жарым финалдык оюндан кийин. 6-сентябрь, 2018-ж.
Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы жарым финалдык оюндан кийин. 6-сентябрь, 2018-ж.

Кыргызстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын финалында ойнойт. Бүгүн 6-сентябрда жарым финалдык оюнда кыргызстандык көкбөрүчүлөр Орусиянын Москва облусунун командасын 23:5 эсебинде жеңип алды.

Кыргызстан бул Көчмөндөр оюндарында тайпалык мелдеште А тобунда ойноп, Монголияны 29:5 эсебинде жеңип алды. Кийин Алтай командасы менен боло турган оюнда алтайлыктар толугу менен оюн талаасына чыкпай калды. Ошол себептен Алтай командасына техникалык утулуш жазылып, Кыргызстан өз тобунда 1-орун менен жарым финалга чыкты.

Алдыда саат 18:00дө дагы бир жарым финалдык беттеште Өзбекстан жана Казакстандын командалары ойнойт. Таймаштын жеңүүчүсү финалга жолдомо алат. Финалдык оюн эртең 7-сентябрда саат 18:00дө Ысык-Көлдүн Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өтөт. 3-орун үчүн беттеш саат 16:00дө башталат.

Жарым финалдык, финалдык оюндардын жүрүшүн "Азаттык" социалдык тармактардагы баракчаларында түз алып көрсөтөт. (AsM/SDz).

III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары. Көкбөрү. Жарым финал.
Кыргызстан - Москва облусу (Орусия) - 23:5

XS
SM
MD
LG