Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:51

Лондон: Скрипалдарды ууландырууга Путин жооптуу


Британиянын ички иштер министринин орун басары Бен Уоллес Скрипалдарды ууландыруу иши орус президенти Владимир Путиндин жеке жоопкерчилигинде деп эсептейт. Анын 6-сентябрда айтышынча, анткени "ГРУну Путин өзү көзөмөлдөйт, каржылайт жана багыттайт". Уоллес Британия Кремлдин душманчыл аракеттерине каршы турат деп кошумчалады.

Лондон кечээ Солсберидеги ууланууну уюштурду делген эки орусиялыктын атын атап, сүрөтүн жарыялаган. Британ премьер-министри Тереза Мэй парламентте ууланууга катышты делген Александр Петров менен Руслан Боширов Орусиянын чалгын кызматкерлери болушкан деп билдирген. Орусия ууландырууга тиешеси жоктугун кайталап, өз дарегине айтылган айыптардын баарын дагы бир ирет четке какты.

Орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия быйыл 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында "Новичок" деген нервди шал кылуучу зат менен ууланганы айтылган. Алар ооруканада жатып, дарыланып чыгышкан. Скрипалдардан тышкары июнь айында Эймсбери шаарында дагы эки британ жараны ууланып, бири каза болгон.

“Химиялык куралга тыюу салуу уюмунун” (ОЗХО) эксперттери экөөндө тең аларды “Новичок” буттан чалганын 4-сентябрда ырасташты.

XS
SM
MD
LG