Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:18

АКШ менен Индия "2+2" форматында сүйлөшүү өткөрдү


АКШнын коргоо министри Жим Мэттис, мамлекеттик катчысы Майк Помпео индиялык кесиптештери менен.
АКШнын коргоо министри Жим Мэттис, мамлекеттик катчысы Майк Помпео индиялык кесиптештери менен.

АКШнын мамлекеттик катчысы Майк Помпео жана коргоо министри Жим Мэттис индиялык кесиптештери менен "2+2" форматындагы сүйлөшүүлөрдү өткөрдү. Алар Делиге Индиянын аймактагы атаандаш өлкөсү Пакистандагы сапарынан кийин барды.

6-сентябрда Майк Помпео менен Жим Мэттис Индиянын тышкы иштер министри Сушма Свара жана коргоо министри Нирмала Ситхараман айымдар менен жолугушууда стратегиялык жана коопсуздук маселелерин талкуулады. "Дүйнөдөгү демократиялык чоң өлкөлөр катары Кошмо Штаттары менен Индиянын байланыштары жалпы баалуулуктарыбызга байланган" деди Помпео жолугушууда.

Алар Индия менен Кошмо Штаттарынын жогорку дипломаттар ортосунда түз байланыш линиясын түзүүнү жана келерки жылы Индиянын чыгыш жээктеринде биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүнү макулдашты.

Бир эле учурда дипломаттар жана аскер адамдары катышкан "2+2" форматындагы жолугушуу буга чейин эки ирет өтпөй калган. Акыркы жолкусунда Майк Помпеонун шашылыш Түндүк Кореяга учуп кеткени себеп болгон.

АКШ Индия бийликтеринин Орусиянын аскердик өндүрүшүнөн чыккан «С-400» ракета системасын сатып алуу ниетине байланыштуу камтамачылыгын билдирген. Вашингтон Делини бул чечимин карап көрүүнү сунуштаган.

XS
SM
MD
LG