Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Төрт өлкөнүн лидерлери британ өкмөтүнүн Скрипалдар иши боюнча бүтүмүн колдошту


Британия шек санап жаткан эки киши - Александр Петров жана Руслан Боширов
Британия шек санап жаткан эки киши - Александр Петров жана Руслан Боширов

АКШнын, Франциянын, Германиянын жана Канаданын лидерлери британ өкмөтүнүн орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Скрипалды жана анын кызы Юлияны ууландырууга Орусия "дээрлик аралашкан" деген бүтүмүнө ынанып турушат.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Ангела Меркел, АКШ президенти Дональд Трамп, Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо, ошондой эле Британиянын премьер-министри Тереза Мэйдин биргелешкен билдирүүсү бейшемби күнү БУУнун Коопсуздук кеңеши Лондондун талабы менен Скрипалдарды ууландыруу ишин талкуулаардын алдында жарыяланды. Алар Сергей Скрипалды жана анын кызы Юлияны ууландыруу иши Орусия өкмөтүнүн деңгээлинде макулдашылган деп эсептейт.

Лондон 5-сентябрда Солсберидеги ууланууну уюштурду делген эки орусиялыктын атын атап, сүрөтүн жарыялаган. Британ премьер-министри Тереза Мэй парламентте ууланууга катышты делген Александр Петров менен Руслан Боширов Орусиянын чалгын кызматкерлери болушкан деп билдирген.

Британиянын ички иштер министринин орун басары Бен Уоллес 6-сентябрда Скрипалдарды ууландыруу иши орус президенти Владимир Путиндин жеке жоопкерчилигинде деп эсептерин айткан. Анын оюнча, анткени "ГРУну Путин өзү көзөмөлдөйт, каржылайт жана багыттайт". Уоллес Британия Кремлдин душманчыл аракеттерине каршы турат деп кошумчалады.

Орусия ууландырууга тиешеси жоктугун кайталап, өз дарегине айтылган айыптардын баарын дагы бир ирет четке какты.

Орусиялык мурдагы чалгын кызматкери Сергей Скрипал жана анын кызы Юлия быйыл 4-мартта Британиянын Солсбери шаарында Советтер союзунда чыгарылган "Новичок" деген нервди шал кылуучу зат менен ууланган. Алар ооруканада жатып, дарыланып чыгышкан. Окуя үчүн Британия башынан эле Кремлди айыптап келе жатат.

XS
SM
MD
LG