Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:05

Кыргызстандагы ички миграциянын абалы иликтенип чыкты


Иллюстрация. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Иллюстрация. Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Эл аралык Эмгек уюмунун өкүлдөрү жүргүзгөн иликтөөнүн жыйынтыгы бүгүн, 7-сентябрда Бишкектеги талкууда жарыяланганы жатат.

Иликтөөдө негизинен ички мигранттардын социалдык маселелер боюнча кабылган көйгөйлөрү камтылган.

Жыйынга мамлекеттик органдардын, бейөкмөт, эл аралык уюмдардын, кесиптик кошуундар, бизнес чөйрөнүн өкүлдөрү, миграция тармагындагы эксперттер катышмакчы.

Расмий маалыматка караганда, азыр ар кайсы чет мамлекеттерде иштеп жүргөн кыргызстандык мигранттардын саны 800 миңден ашат.

Ошол эле кезде Кыргызстанда ички миграция көйгөйү да күч. Аймактардан Ош, Бишкек сыяктуу чоң шаарларга келип, жашап-иштеп жаткандардын саны так эмес. (NT)

XS
SM
MD
LG