Ысык-Көлдө өтүп жаткан үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында бүгүн, 7-сентябрда көк бөрү боюнча Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары беттешет. Эки команда алтын байге үчүн ат салышмакчы.
Оюндар саат 18:00дө Бактуу-Долоноту айылындагы ат майданда өтөт. Ага чейин саат 16:00дө 3-орун үчүн Орусиянын Москва облусу менен Казакстандын командалары таймашат.
Оюндардын жүрүшүн "Азаттык" социалдык тармактарындагы баракчаларында түз алып көрсөтөт. Көк бөрү боюнча оюндарга жалпысынан 11 команда катышып, төрт топко бөлүнүп ойноду.
Өз тайпасында алдыңкы орунду ээлеген командалар жарым финалга жолдомо алышкан. 6-сентябрда Өзбекстандын командасы жарым финалда Казакстанды жеңип, финалга чыккан. Анын алдында жарым финалда Кыргызстан Орусиянын Москва облусунун командасын уткан. Ысык-Көлдөгү Көчмөндөр оюндары 8-сентябрда аяктайт.