Кабулга күтүүсүз сапар менен 7-сентябрда АКШ коргоо министри Жим Мэттис менен кошо куралдуу күчтөрдөгү штаб башчылардын Бириккен комитетинин төрагасы, генерал Жозеф Данфорд дагы барды.
Алар ооган президенти Ашраф Гани менен жолугушат.
Мындан бир жыл ашуун мурда Вашингтон Ооганстан боюнча жаңы стратегиясын кабыл алган болчу. Анда "Талибанды" сүйлөшүүгө мажбурлоо үчүн ага акерий кысымды күчөтүү каралган.
Бул максатта АКШ Ооганстанга кошумча аскер күчтөрүн да жиберген. Учурда Кошмо Штаттардын Ооганстанда 14 миңдей аскери бар. Бирок жаңы стратегиянын алкагында былтыртан бери көрүлгөн аракеттер азырынча олуттуу жыйынтык бере элек.
НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы жаңы командачысы, америкалык генерал Скотт Миллер өткөн аптада “Талибандын” кол салуулары күчөгөнүнө карабай, тынчтык сүйлөшүүлөргө үмүттөнүп турганын билдирген.
Быйыл жайда АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Катарда "Талибандын" адамдары менен кездешип, кеңири тынчтык сүйлөшүүлөрүнө негиз даярдоо аракетин да көргөн.
Бул аптада болсо АКШ мамлекеттик катчысы Ооганстан боюнча атайын чабарман дайындады. Ал ооган аралык элдешүүгө көмөктөшүү багытында иш жүргүзүүсү керек. (UE)