Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:19

ОшМУ памирлик кыргыздардын эки баласын окутуп бермей болду


Памирлик кыргыз балдар. Сүрөт 2015-жылы тартылган.
Памирлик кыргыз балдар. Сүрөт 2015-жылы тартылган.

Ооган кыргыздарынын эки баласы Ош мамлекеттик университетине караштуу билим берүү мекемелеринде бекер окуй баштады. Бул тууралуу бүгүн “Азаттык” радиосуна Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар менен иштөө бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетова билдирди.

Мамбетова Миграция кызматынын өтүнүчүн колдоп, эки баланын окуусу, жашаган жери жана тамак-ашы боюнча чыгымдарды өзүнө алганы үчүн ОшМУга ыраазылык билдирди.

Анын айтымында, 19 жана 22 жаштагы ага-ини Ооганстанда жүргөндө мектепте окуп, документ алышкан, бирок Кыргызстандын талаптары боюнча алардын билим деңгээли 8-9-класстыкына барабар болгондуктан кичүүсү ОшМУнун гимназиясына, улуусу коллежине кабыл алынды:

- Ооганстандан документтерин алдырдык. Бирөө 9, бирөө 11-классты бүткөн экен. Бирок биздин Билим жана илим министрлиги өз стандарттары боюнча алардын билими 8 жана 9-класстын деңгээлине туура келет деген тыянак чыгарды. Ошонун негизинде бирин коллежге, бирин гимназиянын 9-классына киргиздик.

Ооганстандын Кичи Памир жана Чоң Памир өрөөндөрүн байырлаган кыргыздардын саны учурда 1,5 миңдин тегерегинде. Алардын балдарын окутуп берүү максатында кыргыз өкмөтү былтыр 33 адамдан турган 7 үй-бүлөнү Нарынга убактылуу көчүрүп келген. Кийин дагы 16 адамдан турган эки үй-бүлө өз алдынча келген. Нарындын мугалимдери аларды окутуп, сертификат берди.

Быйыл июнда 18 адам Ооганстанга жакындары менен көрүшүп келгени кеткен. Кыргызстан аларга Тажикстан аркылуу өтүп турууга үч айлык транзиттик виза ачтырган.

Жыпара Мамбетова 18 адамдын төртөө чоңдор, экөө наристе, ал эми калгандары окуусун улантышы керек болгон балдар экенин, бирок азыркыга чейин байланышка чыкпай жатышканын айтууда. (RK)

XS
SM
MD
LG