Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:07

Казак теңгеси дагы арзандады


Алматыда акча алмашуу курсун чагылдырган электрондук табло. 7-сентябрь, 2018-жыл.
Алматыда акча алмашуу курсун чагылдырган электрондук табло. 7-сентябрь, 2018-жыл.

Казакстандын фондулук биржасындагы бүгүнкү соодада америкалык доллардын теңгеге карата курсу кайрадан өсүп кетти.

Бүгүн эртең мененки соодада бир доллар 375, 64 теңгеге бааланды.

Бул 6-сентябрдагы соода учурундагы курстан 3,84 теңгеге жогору дегендик. Казакстандын фондулук биржасындагы бүгүнкү сооданын жалпы көлөмү 391 миллион долларды түзгөн.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматы кабарлагандай, акча алмашуу бекеттеринде бир доллар 378-379 теңгеге сатылып жатат. Бейшемби күнү кечинде жана жума күнү эртең доллар атүгүл 380 теңге жана андан жогору сатылган учурлар да болду.

Быйыл жайдын башында Казакстанда бир америкалык доллардын алмашуу курсу 330 теңге болчу. Теңгенин алсыроосун Казакстандын Улуттук банкы тышкы факторлордун таасири, өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин бир катарында улуттук акчалардын девальвация болушу, АКШнын Орусияга каршы санкциялары менен түшүндүрүүдө. (UE)

XS
SM
MD
LG