Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:56

Иран, Орусия, Түркия президенттери Тегеранда жолугууда


Роухани, Эрдоган, Путин Анкарада кездешкен учур. 4-апрель, 2008-жыл.
Роухани, Эрдоган, Путин Анкарада кездешкен учур. 4-апрель, 2008-жыл.

Хасан Роухани, Режеп Тайип Эрдоган, Владимир Путиндин бүгүнкү сүйлөшүүлөрү Сирияда Москва жана Тегеран колдогон өкмөттүк күчөр Идлиб провинциясына ири чабуул жасайт деген маалыматтар менен кооптонуулар шартында өтүп жатат.

Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Түркияга чектеш Идлиб провинциясы президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү таянычы.

Ал аймакта, БУУнун эсебинде, үч миллиондой адам жашайт, алардын 1,5 миллиону Сириянын башка бөлүктөрүнөн жер которуп келгендер. Идлибде ошондой эле “ал-Каидага” байланышы бар 10 миңдей согушкер бардыгы да маалымдалып жатат.

Улуттар уюму Идлибге чабуул “катастрофалык” кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин, 800 миңдей кишиде үй-жайынан качуу тобокелчилдиги бардыгын эскерткен.

Идлибге операциянын арты “кыргынга” айлануусу ыктымалдуулугун 5-сентябрда түрк президенти Режеп Тайип Эрдоган да айткан.

АКШ, Британия, Франция болсо эгер ал жерде химиялык чабуул жасалса, жооп чара көрүлөрүн эскертишкен. Москва жана Дамаск химиялык чабуулга даярдык жөнүндөгү ырастоолорду четке кагышканы менен АКШнын Сирия боюнча атайын чабарманы Жим Жеффри 6-сентябрда аларда муну ырастаган “көп далилдер” бардыгын билдирди. (UE)

XS
SM
MD
LG