Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Август, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:16

АКШ учактары океан үстүндө Орусиянын учактарын коштоп учкан

Орусиянын  ТУ - 95  учагы.
Орусиянын ТУ - 95 учагы.

АКШнын аба күчтөрүнүн эки учагы Орусиянын стратегиялык жана бомба таштоочу эки Ту-95 учагын 6-сентябрда Арктика океаны, Беринг жана Охотск деңиздери үсүтүндөгү учуу маалында коштогон.

Орусиянын Коргоо министрлиги мындай инцидент болгонун, алардын бомба таштоочу учактары “нейтралдуу суулардын үстүндө кадимки учууну аткарып жаткан кезде” АКШнын эки F -22 учагы коштогонун 7-сентябрда ырастады.

Мунун алдында АКШнын Түндүк жана Түндүк Американын аба мейкиндигин коргоо командачылыгынын өкүлү Орусиянын учактары Алеут аралдарынын түштүк ыптасында, Алясканын абадан коргонуу идентификациялык зонасында учканын билдирген.

АКШ командачылыгынын өкүлү ошондой эле Орусиянын учактары Канаданын же АКШнын суверендүү аба мейкиндигине кирбегенин да белгилеген. (UE)

XS
SM
MD
LG