Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:19

Тажикстанда кылмышка шектүүнүн энеси өзүн өрттөөгө аракет кылды


Өзүн өрттөөгө аракеттенген Гүлчехра Шодмонова. Дүйшөмбү, 7-сентябрь, 2018-жыл.
Өзүн өрттөөгө аракеттенген Гүлчехра Шодмонова. Дүйшөмбү, 7-сентябрь, 2018-жыл.

Тажикстанда велотуристтердин өлүмүнө шектүүлөрдүн биринин энеси өзүн Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ОБСЕ) кеңсесинин алдында өрттөөгө аракет кылды.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун тажик кызматы кабарлагандай, Гүлчехра Шодмонова тажик бийлиги кылмыштын уюштуруучусу катары шек санаган, Тажикстан Ислам кайра жаралуу партиясынын бозгундагы лидери Мухиддин Кабири ЕККУнун жыйындарына катышканына каршылык иретинде өзүнө бензин чачкан.

Улгайган аялды милиция кызматкерлери токтотуп калышты. Ал камактагы уулун Хусейн Абдусамадовду кылмышка бозгундагы саясатчы Мухиддин Кабири жана аны адамдары түрткөн деп эсептейт.

Быйыл 29-июлда Дангара-Дүйшөмбү кан жолунда кол салуудан төрт чет элдик велотурист өлгөн. Бийлик аны теракт деп баалап, уюштурууга өлкөдө тыюу салынган Ислам кайра жаралуу партиясын айыптаган. Кол салуу үчүн “Ислам мамлекети” террордук тобу жоопкерчилик алган.(UE/MTO)

XS
SM
MD
LG