Линктер

жекшемби, 23-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 01:19

Казакстанда жоолугун чечүүдөн баш тарткан кыздардын ата-энеси айыпка жыгылды


Түркстан облусунун Мактараал районундагы Фридауси айылынын окуучулары. 5-сентябрь, 2018-жыл.

Түркстан облусундагы Фирдауси айылындагы мектептин жоолугун чечүүдөн баш тарткан 13 окуучусунун ата-энеси беш минималдык эсептөө көрсөткүчтүн эсебинде айыпка жыгылганын “Эркин Европа/Азаттык” радиосунун казак кызматына ошол мектептин директору Жанар Мамырова кабарлады.

Бир минималдык эсептөө көрсөткүчү Казакстанда 2405 теңгеге барабар.

Жоолугун чечүүдөн баш тарткан дагы жети окуучу кыздын ата-энеси айыл мектебинен балдарынын документтерин алып кеткен.

Жергиликтүү бийлик Түркстан облусунун Фирдауси мектебиндеги кырдаал “түшүндүрүү иштеринен кийин оң жолго түшкөнүн” билдирди.

Жергиликтүү бийлик бул айылда окуу жылынын башталышында мектепке жоолукчан келүүнү көздөгөн 203 кыздын 169у кайра жоолугун чечүүгө макул болгонун 6-сентябрда кабарлаган.

Буга чейин Казакстандын билим берүү жана илим министри Ерлан Сагадиев окуучу кыздардын мектепте жоолукчан жүрүүсү өлкө мыйзамдарына каршы келерин айткан.(UE)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG