Линктер

шаршемби, 21-ноябрь, 2018 Бишкек убактысы 02:24

ДКО-2018: Казакстандын көкбөрүчүлөрү 3-орунду ээледи (видео)


Казакстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында. 7-сентябрь, 2018-ж.

Казакстандын көкбөрү боюнча улуттук курама командасы III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарында коло байге алды. Бүгүн 7-сентябрда 3-орун үчүн болгон беттеште казак көкбөрүчүлөрү Орусиянын Москва облусунун командасын 17:1 эсебинде жеңди. Казакстандыктар жарым финалда Өзбекстанга 4:5 эсебинде жеңилип, алтын байге үчүн күрөштөн четтеп калган эле.

Алдыда финалда Кыргызстан менен Өзбекстандын командалары беттешет. Оюн саат 18:00дө башталат.

Мелдештин байге фонду 6 млн 200 миң сом. 1-орунга 3 млн сом, 2-орунга 1,5 млн, 3-орунга 1 млн сом акчалай сыйлык берилет. Андан сырткары мыкты оюнчуга жана мыкты аргымакка 100 миң сомдон акчалай сыйлык тапшырылат. (SDz/ECh)

XS
SM
MD
LG