Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:18

Жаңы медресе ачуу дээрлик токтоду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстанда жаңы медреселерди ачуу дээрлик токтоду. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Зайырбек Эргешов бүгүн “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, 2014-жылы өлкөдө 114 медресе бар болчу, азыр алардын саны 107ге түштү, андан бери жаңылары ачыла элек.

Комиссиянын талаптарын аткарбагандар жабылууда.

Бүгүнкү күндө 24 медресеге үч айлык эскертүү берилген, эгер мамлекет койгон талаптар ишке ашырылбаса алар да жабылат.

Эргешов белгилегендей, 107 медресенин 20-30га жакыны гана талаптарга толук жооп берет, мугалимдеринин билими жакшы деңгээлде.

Медреселердин көбү Чүйдө, Бишкекте жана Ошто.

Дин комиссиясынын маалыматына караганда, Кыргызстанда 2647 мечит, 107 медресе, 10 ислам институту бар. Имамдардын саны 2800дүн тегерегинде.

Жалпысынан өлкөдө 3257 диний уюм каттоодон өткөн. Христиан багытындагылардын саны 399, калгандары башка диндердин өкүлдөрү. (RK)

XS
SM
MD
LG