Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:21

Орус өкмөтү курулушта иштеген мигранттардын санын чектейт


Москва.
Москва.

7-сентябрда Орусиянын социалдык маселелер боюнча вице-премьер-министри Татьяна Голикова 2019-жылдан тарта курулушта иштеген чет өлкөлүктөрдүн санына өкмөт чектөө киргизүүнү сунуштап жатканын маалымдады.

Чет өлкөлүк мигранттардын саны курулуш компанияларында иштеген жумушчулардын 80 пайызынан ашпашы керек. Чектөө Москва, Хабаровск жана Амур облустарынан башка аймактарда кабыл алынат.

Голикова мыйзам долбоору учурда тийиштүү мекемелер менен макулдашылып жатканын, жумушчулардын бирикмелери аны колдогонун билдирди.

Росстат мекемесинин маалыматына караганда, Орусияда курулуш тармагында 6,3 миллион адам иштейт. Алардын басымдуу бөлүгү чет өлкөлөрдөн барган мигранттар.

Орус өкмөтү курулушта мигранттардын санын чектөө жергиликтүү калкты жумуш орундары менен камсыз кылууга шарт түзөт деген ишенимде. (LzT)

XS
SM
MD
LG