Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:48

Тегеран саммити Идлибдеги кырдаалды жөнгө салуу жолун издөө убадасы менен аяктады


Орусия, Иран, Түркия президенттери Тегеран саммитинен кийинки басма сөз жыйында. 7-сентябрь, 2018-жыл.
Орусия, Иран, Түркия президенттери Тегеран саммитинен кийинки басма сөз жыйында. 7-сентябрь, 2018-жыл.

Иран, Түркия, Орусия президенттери: Хасан Роухани, Режеп Тайып Эрдоган, Владимир Путин 7-сентябрда Тегерандагы жолугушуусунан кийин кабыл алган биргелешкен билдирүүдө үч өлкө Сириянын Идлиб провинциясындагы кырдаалды жөнгө салуунун жолдорун издөөөнү макулдашканы айтылган. Бирок мунун чоо-жайы белгисиз.

Түркия президенти саммиттеги сөзүндө Иран менен Орусияга Идлибге чабуулдун арты кыргынга айланышы мүмкүндүгүн кайрадан эскерткен.

- Идлибге кандай гана чабуул болбосун бул кыйроого, кыргынга жана чоң гуманитардык трагедияга алып келет. Идлиб кан төгүүгө айлануусун биз эч качан каалабайбыз. Эгер биз бүгүн ок атышуу токтотулары тууралуу жарыялай алсак, бул саммиттин жеңиши болот, - деген Эрдоган өз сөзүндө.

Орусия президенти Путин менен Иран президенти Роухани Сирия өкмөтү өлкөнүн толук аймагын, анын ичинде Идлибди ээлөөгө “укуктуу” деген турумду карманышты:

- Экстремисттердин калган топтору Идлиб провинциясындагы де-эскалация зонасында жыйналган. Террорчулар ок атышууну токтотуу режимин бузууга аракеттенишүүдө, - деген Путин саммитте ал Роухани жана Эрдоган Идлибдеги кырдаалды “баскыч-баскыч менен стабилдештирүүнү” талкуулаганын, бул өкмөттүн “диалогго даяр” оппоненттери менен тынчтык макулдашууларды да камтышы мүмкүндүгүн кошумчалады.

Сириянын түндүк-батышында жайгашкан, Түркияга чектеш Идлиб провинциясы - президент Башар Асаддын режимине каршы козголоңчул күчтөрдүн акыркы маанилүү таянычы.

Ал аймакта, БУУнун эсебинде, үч миллиондой адам жашайт, алардын 1,5 миллиону Сириянын башка бөлүктөрүнөн жер которуп келгендер. Идлибде ошондой эле “ал-Каидага” байланышы бар “Жабхат ал-Нусра” тобунун10 миңдей согушкери бардыгы да маалымдалууда.

Улуттар уюму да буга чейин Идлибге чабуул “катастрофалык” кесепеттерге алып келиши мүмкүндүгүн, 800 миңдей кишиде үй-жайынан качуу тобокелдиги бардыгын, АКШ, Британия, Франция болсо, эгер ал жерде химиялык чабуул жасалса, жооп чара көрүлөрүн эскертишкен.

Москва жана Дамаск химиялык чабуулга даярдык жөнүндөгү ырастоолорду четке кагышканы менен АКШнын Сирия боюнча атайын чабарманы Жим Жеффри 6-сентябрда аларды муну ырастаган “көп далилдер” бардыгын билдирди.

Идлиб шаарындагы демонстрация. 7-сентябрь, 2018-жыл.
Идлиб шаарындагы демонстрация. 7-сентябрь, 2018-жыл.

Тегерандагы саммитке тушташ, Адам укуктары боюнча Сирия обсерваториясынын кабарлаганына караганда, 7-сентябрда Идлибдин айрым бөлүктөрүнө аба соккулары жасалган.

Бул арада 7-сентябрда провинциянын өзүндө жүздөгөн адамдар демонстрацияга чыгып, Сирия президенти Асадга жана анын өкмөтү тарабынан күтүлгөн чабуулга каршылык билдиришти. (UE)

XS
SM
MD
LG