Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:22

Түркиядагы жол кырсыгынан алты киши каза болуп, 40тай киши жараат алды


Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.
Сүрөттүн жаңылыкка тиешеси жок.

Түркиянын Аксарай-Анкара чоң жолунда автобус жол кырсыгына учурап, бери дегенде алты киши каза болду. 39 киши жараат алды. Бул тууралуу ишемби күнү NTV телеканалы кабарлады. Автобус Стамбулдан Адыяман шаарына бараткан. Кырсык болгон жерге медицина жана өрт кызматкерлери жөнөтүлдү. Куткаруу иштери уланууда. Кырсыктын себептери тууралуу маалымат айтыла элек. Иликтөө иштери жүрүп жатат. (КЕ)

XS
SM
MD
LG