Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:15

Индонезия безгек оорусунун жайылып жатканын эскертти


Индонезия бийлиги катар-катар жер титиреп, 550дөн ашуун киши каза болгон Ломбок аралында безгек оорусу тездик менен жайылып жатканын билдирди. Ишемби күнү "Стрейтс таймс" гезити жазганына караганда, сентябрдын башынан бери безгек менен катталгандардын саны 103кө жетти. Алардын басымдуу бөлүгү балдар жана кош бойлуу аялдар.

“Кырдаал курч бойдон калууда. Оорунун очогу жер титирөөдө үй-жайын жоготкон борборго жакын жерде катталып жатат. Борбордо 400дөй адам жайгаштырылган,” - деп билдирди саламаттыкты сактоо боюнча жергиликтүү башкармалыктын башчысы Рахман Путра. Анын айтымында, медициналык каражаттар жана таза суу жетишпей жатат. Мындан сырткары чиркейге каршы колдонгон каражаттар таңкыс болууда.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматына караганда, 97 өлкөдө 3,4 млрд. адам безгек оорусуна кабылуу коркунучунда турат. Алардын көбү Африка жана Азиянын түштүк-чыгышынын жашоочулары. (КЕ)

XS
SM
MD
LG