Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:12

ДКО-2018: Улуу күрөш таймашы башталды


Алыш күрөшү боюнча таймаштан бир көрүнүш.
Алыш күрөшү боюнча таймаштан бир көрүнүш.

Бүгүн, 8-сентябрда III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун алкагында Бактуу-Долоноту айылындагы спорт комплексте улуу күрөш боюнча таймаш өтүп жатат. Улуу күрөш быйыл III Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна кирген жаңы спорттун түрү. Ага катышуу үчүн 12 өлкөдөн 13 спортчу катталган. Алардын экөө Кыргызстандан.

Көчмөндөрдүн улуу көчмөн күрөшүнө салмагына карабастан катышса болот. "Көчмөн жашоодо, илгери тараза деген болгон эмес, таймашта чыныгы күчтүүлөр гана жеңишке ээ болушкан. Анда абсолюттук бир эле улуу балбан аныкталып экинчи, үчүнчү деген орун болбостон, “Улуу жеңүүчү” делип калганына бирдей баа берилген", - деп түшүндүрүлөт.

Улуу күрөштө башка күрөштүн жеңүүчүлөрү гана катышып, өздөрүнүн элинин жана күрөшүнүн атынан чыга алышат.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшүнүн негизи бул принциптен турат: күрөш курдан кармоо менен уланат. Балбандардын бардык кыймыл-аракеттерине жол берилет, кандай кана чабуул болбосун жеңишти алып келет.

Улуу күрөштүн эрежелери, жеңүүчүлөрдү аныктоо азербайжан, иран, түрк, казак, кыргыз, өзбек, орус, түркмөн, монгол, татар, жапон жана башка дүйнө элдеринин улуттук, салтуу күрөштөрүнөн алынган.

Көчмөндөрдүн улуу күрөшү – эркин, биргелешилген, бел кур күрөшү. Бел кур күрөшү – эң байыркы күрөштүн түрү. Ал маданият дүйнөнүн көп элдеринде бар. Эки тараптан чыккан балбандардын шамдагайлыкка, чыдамкайлыкка болгон күч сынашы, күрөшү көптөгөн көчмөн элдеринин байыркы китептеринде, эпосторунда кездешет. (AsM)

XS
SM
MD
LG