Бириккен Улуттар Уюму Идлиб аймагында айыгышкан салгылашуу башталышынан кооптонууда. Аталган уюм мунун арты чоң гуманитардык катастрофага алып келет деп эскертүүдө. Ошондой эле мындай көрүнүш Түркия колдоп жаткан козголоңчулар менен конфронтацияга алып келиши ыктымал экенин “Америка үнү” жазды.
Соңку аптада орусиялык жана сириялык күчтөр Идлиб провинциясына бир нече жолу абадан сокку урду. Reuters агенттиги Сириядагы адам укуктарына байкоо салган уюмга шилтеме кылып жума күнү дагы Идлибдин аймагындагы куралдуу оппозициянын объекттерине абадан сокку урулганын жазды.
Түркиянын мамлекет башчысы Режеп Тайип Эрдоган Орусия жана Иран президенттери менен кездешип жатып Сирия армиясы жана анын өнөктөштөрү Идлибге чабуул кое турган болсо, арты “кыргынга” алып келерин эскерткен. Сириянын президенти Башар Асаддын армиясы козголоңчулардын колундагы акыркы ири чөлкөмдү кайтарууга бир нече күндөн бери даярданып жатат.
7-сентябрда Тегеранда өткөн саммитте үч өлкөнүн лидерлери Сириядагы кырдаалды талкуулашты. Жетекчилер Идлиб үчүн кармаш кан төгүүгө, карапайым эл арасындагы жоготууларга жана гуманитардык кризиске алып келет деген кооптонуулар күчөп турган маалда чогулушту.
Сириянын түндүк-батышында жайгашкан Идлибде козголоңчулардан тышкары “Ал-Каида” менен байланыштагы 10 миңдей согушкер да бар.