Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:39

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө көрсөтүлдү


Сүрөт III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайтынан алынды.
Сүрөт III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын расмий сайтынан алынды.

III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары дүйнөнүн 60тан ашык өлкөсүндө көрсөтүлдү.

Бул тууралуу оюндун уюштуруучулары билдиришти. Жалпысынан 56 өлкөнүн чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын 604 өкүлү катышып жатат.

Алардын ичинен 50сү телеканал, 12си радиостанция, 67си маалымат агенттиги, 48и газета жана 50сү эркин блогерлер. Оюндарды чакылдырууда дүйнөдөгү белгилүү, BBC, The New York Times, Financial Times, National Geographic Society, Associated Press, Канаданын «Journal of Nomads» журналы, «Aljazeera network», CCTV Кытай телеканалы, Казастандын «Хабар» сыяктуу бир катар маалымат каражаттарынын өкүлдөрү иштеди.

Мындан сырткары Көчмөндөр оюндарын 70тей жергиликтүү маалымат каражаттары чагылдырды. Алардын ичинен 26сы Интернет басылмалары, жетиси радио, 30дан ашыгы мамлекеттик, облустук, жеке телеканалдар, 12си басылмалар. (AsM/КЕ)

XS
SM
MD
LG