Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:10

ДКО-2018: Кыргызстан 103 медал утту


Кыргызстандык жана өзбекстандык көкбөрүчүлөр. 7-сентябрь.
Кыргызстандык жана өзбекстандык көкбөрүчүлөр. 7-сентябрь.

Бүгүн, 8-сентябрда Ысык-Көлдө өтүп жаткан III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндары жыйынтыкталды. Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришкендей, акыркы мелдеш күнү тогуз коргоол, овари жана көчмөндөрдүн улуу күрөшүнөн байгелер берилди.

2-сентябрда башталган оюндарда жалпысынан спорттун 37 түрүнөн байгелер ойнотулду. Ага 74 өлкөдөн жана Орусиянын 12 субъектинен 1986 спортчу катышты. Мелдештердин жыйынтыгында Кыргызстандын спортчулары 103 байге (40 алтын, 32 күмүш, 31 коло) топтоп, командалык эсепте медал алган өлкөлөрдүн катарында көч башын жетектеди.

Казакстандын спортчулары 18 алтын, 24 күмүш, 34 коло топтоп экинчи орунду ээлесе, орусиялыктар 17 алтын, 12 күмүш, 27 коло байге алып 3-катарда жайгашты. Алдыңкы ондукта Түркмөнстан (27 медаль), Өзбекстан (33 медаль), Венгрия (12 медаль), Иран (12 медаль), Украина (9 медаль), Монголия (17 медаль), жана Түркия (6 медаль) командалары турат. III Дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын расмий жабылышы аземи бүгүн, 8-сентябрда кечки саат 8де башталат.

Аземдин жүрүшүндө "мыкты көкбөрү оюнчусу", "мыкты аргымак (көкбөрү)" номинациясында жеңүүчүлөр аныкталып, Көчмөндөрдүн улуу күрөшүндө жеңишке жеткен орусиялык Айдын Моңгушка "Улуу балбан" сыйлыгы тапшырылат. (SDz/ECh).

XS
SM
MD
LG