Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:49

АКШ Латын Америкасындагы дипломаттарын чакыртып алды


Хизер Нойерт.
Хизер Нойерт.

Сальвадор, Панама жана Доминикан Республикасы Тайвань менен дипломатиялык байланыштарын үзгөнүнө байланыштуу АКШ бул өлкөлөрдөгү элчилерин кеңешүү үчүн чакыртып алды. Бул тууралуу Мамлекеттик департаменттин өкүлү Хизер Нойерт билдирди.

“Дипломаттар Борбордук Америка жана Кариб жээгиндеги өлкөлөрдүн демократиялык институттары менен экономикасына колдоо көрсөтүү жолдорун талкуулашат”, - деп айтылат Мамлекеттик департаменттин расмий сайтына жарыяланган билдирүүдө.

АКШ Тайванды расмий тааныбаса да, аны менен мамилени колдойт. Кытай мындай турум Бээжин менен Вашингтондун ортосундагы кызматташтыкка терс таасирин тийгизерин айтып келет.

Кытай Тайванды өзүнүн аймагы катары эсептейт. Тайвандын лидерлери Кытайдан толук көз карандысыз болууну каалашат.

XS
SM
MD
LG