Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:43

ЕБ жикчилдердин Донбасста шайлоо өткөрүү планын сынга алды


Федерика Могерини.
Федерика Могерини.

Европа Биримдигинин тышкы саясат боюнча башкы комиссары Федерика Могерини Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилдер көзөмөлдөп турган аймактарда шайлоо өткөрүү ниетин сынга алды. Могерини Кремлди жикчилдерге таасир этип, бул аракетинен баш тартууга үндөөгө чакырды. Ошондой эле “Донецк жана Луганск элдик республикалары” деп аталган чөлкөмдө 11-ноябрга белгиленген шайлоо Минск келишимине такыр туура келбей турганын белгилеген.

Украинанын Тышкы иштер министрлиги жикчилдердин мындай планын айыптаган. Киев “жасалма шайлоо өткөн күндөн деле ал эл аралык коомчулук тарабынан таанылбай турганын” эскерткен.

2014-жылдан берки Украинанын чыгышындагы жаңжалдардан бери дегенде 10 300 адам каза болду. Миңдеген адамдар өз үйлөрүн таштап кетүүгө аргасыз болушкан.

XS
SM
MD
LG