Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:13

Москвада кыргызстандык айдоочу мекендештерин тебелетип кетти


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Москвада кыргызстандык айдоочу "Volkswagen Polo" үлгүсүндөгү машине менен Новочеркаск бульварындагы жөө жүргүнчүлөрдү сүзүп, тебелетип кеткени айтылууда. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазды.

ТАСС агенттиги Москва полициясына шилтеме берип жазганына караганда, айдоочу жөө жүргүнчүлөрдү атайылап тебелетип кеткен. Ага кафедеги мекендештери менен өз ара пикир келишпестик, андан чыккан чатак себеп болгон.

Алдын ала маалыматка караганда, окуя болгон жерде тогуз адам жараат алган, бир киши каза болгон. Жабыркагандар да кыргызстандык экени айтылууда.

Кылмышка шектүү кайсы өлкөнүн жараны экени тууралуу расмий маалымат бериле элек. (КЕ)

XS
SM
MD
LG