Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Дарыгерлер бала сатууга шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун гинекологдору бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалышты. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнү айтылган жок.

Дарыгерлер бала сатууга байланыштуу козголгон кылмыш иштин алкагында колго түшкөн. Алардын бири убактылуу тергөө абагына камалды. Учурда иликтөө-тергөө иштери жүрүп жатат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев дарыгерлердин кармалганы тууралуу маалыматты угушканын, 10-сентябрда кызматтык иликтөө баштала турганын "Азаттыкка" кабарлады. (КЕ/BCh)

XS
SM
MD
LG