Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:46

Кыргыз элчилиги: Москвадагы окуяда бир жаран каза болду


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги кыргызстандык айдоочу катышкан окуянын чоо-жайын иликтей баштады. Элчиликтин өкүлү Гүлбарчын Байымбетованын “Азаттык” радиосуна билдиришинче, окуяда бир жаран каза болду. Тогуз киши жабыркап, алардын бешөө ооруканада. Алардын баары Кыргызстандын жарандары. Абалдары боюнча маалымат азырынча айтыла элек. Элчиликтин жана Ички иштер министрлигинин Москвадагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери окуя болгон жерге барып, иликтөө-териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

- Кызматкерлер учурда ооруканада жана окуя болгон жерде иликтөө иштерин жүргүзүп жатышат. Жабыркагандардын жарандыктары такталууда. Арасында каза болгон бирөө бар экен.

Бүгүн Москвада кыргызстандык айдоочу "Volkswagen Polo" унаасы менен Новочеркаск бульварындагы жөө жүргүнчүлөрдү - өз мекендештерин тебелеп кеткени кабарланган. Тогуз киши жабыркап, бир киши каза болгонун жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Алдын ала маалыматка караганда, окуя кафеде кыргызстандыктар чатакташып кеткенден кийин болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG