Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:20

Аба ырайы: жаан жаабайт


Кыргызстан.
Кыргызстан.

Кыргызстандын аймагында 10-сентябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жана Чүй облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү мүмкүн. Бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан жаабайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 9...14, күндүз 24...29,

Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -3...+2, күндүз 19...24,

Таласта түнкүсүн 5...10, күндүз 23...28,

Баткен облусунда 11...16, күндүз 27...32,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13...18, күндүз 27...32,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 8...13, күндүз 21...26,

Нарында түнкүсүн 3...8, күндүз 21...26 градус.

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...-5, күндүз 9...14 градус жылуу болот.

10-сентябрда Бишкек шаарында жамгыр жаабайт. Түнкүсүн 11…13 градус, күндүз 26…28 градус жылуу болот.

XS
SM
MD
LG