Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:23

Орусияда акция учурунда Навальныйдын тарапкерлери кармалды


Орусиянын бир катар шаарларында пенсиялык курактын жогорулашына каршы акция өттү.
Орусиянын бир катар шаарларында пенсиялык курактын жогорулашына каршы акция өттү.

Москвада полиция Алексей Навальныйдын санаалашы Николай Ляскинди кармап кетти. Мындан сырткары Москванын борборундагы акцияны түз ободо көрсөтүүгө даярданып жаткан “Навальный Live” каналынын журналисти Дмитрий Низовцев да кармалды. Буга чейин каналдын алып баруучусу Любовь Соболь, Георгий Албуров, Владимир Милов кармалганы кабарланган.

Шаар бийлиги пенсиялык курактын жогорулашына каршы нааразылык акциясын өткөрүүгө уруксат берген эмес.

Навальный кышында өткөн акциядан кийин 30 күнгө камалган.

Мындай акция 9-сентябрда Орусиянын башка шаарларында, Екатеринбургда, Казань, Уфа, Ярославль, Хабаровск, Томск жана Новосибирскте өттү. Акцияга катышкан ондогон адамдарды полиция кармап кеткени кабарланды. Соңку маалыматка караганда, түшкү саат экиге чейин Орусиянын бир катар шаарларында өткөн акцияларда 150дөн ашуун адам кармалды.

XS
SM
MD
LG