Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:07

Саламаттык сактоо министрлиги бала сатуу ишин териштирет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкекте бала сатууга шектелип колго түшкөн дарыгерлердин ишинин чоо-жайын азырынча тактай элек. Териштирүү аракеттери 10-сентябрда башталарын министрдин орун басары Мадемин Каратаев "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, окуя тууралуу министрликке расмий маалымат түшө элек.

Баш калаадагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунда иштеген гинекологдор бала сатууга шектелип 7-сентябрда кармалышкан. Алар экөө экени кабарланганы менен Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы шектүүлөрдүн бири убактылуу тергөө абагына киргизилгенин билдирген. Тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн алардын аты-жөнү жана алар иштеген медициналык мекеме тууралуу маалымат айтылган жок.

Кыргызстанда ымыркайды соодалоо менен шугулдангандардын үстүнөн Кылмыш-жаза кодексинин 124-беренеси ("Адам сатуу") менен кылмыш иши ачылат. Ага ылайык, айыбы аныкталган адамдын мүлкү конфискацияланып, он жылга чейин камалат.

XS
SM
MD
LG