Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Март, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 18:53

Бишкекте пластикалык хирургияга арналган эл аралык конгресс өтөт


Иллюстрациялык сүрөт.

10-сентябрда Бишкекте пластикалык хирургия жана косметологияга арналган эл аралык конгресс өтөт. Кыргыз-орус славян университетинин 25 жылдыгына арналган иш-чараны кыргызстандык адистер өткөрүүдө. Жыйынга Орусия, Жапония, Түштүк Корея жана Индонезиядан келген дарыгерлер катышарын аталган окуу жайдан кабарлашты. Дарыгерлер пластикалык хирургиянын стратегиялык өңүттөрүн талкуулашмакчы.

Кыргызстанда пластикалык операция жасаткандардын саны арбыганы айтылганы менен статистикалык маалыматтар жок. Дарыгерлерге кайрылгандардын басымдуу бөлүгү терисин тарттырып, жаш көрүнүү максатын көздөшөт.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG