Ташкенттин Юнусобод районундагы "Омина" мечитинин имамы Фазлидин Парпиев президент Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жасагандан кийин бир күн өтүп кызматтан бошотулду. Муфтияттын буйругунун негизинде ал Адеп комиссиясынын 8-сентябрдагы чечими менен иштен алынган. Буйруктун көчүрмөсү социалдык тармактарга тарады.
32 жаштагы Фазлидин Парпиев 7-сентябрдагы жума кутбасы учурунда Өзбекстанда дин ишениминдеги адамдарга, негизинен хижаб кийгендерге жана сакалчандарга басым жасалып жатканын сындаган. Анын алдында мамлекет башчыга видеокайрылуу жасап, өлкөдө абийир эркиндигин орнотууну суранган. Ал күч органдары президенттин саясатына каршы иш жасап, Конституцияда жазылган диний эркиндиктер чектелип жатканын билдирген болчу.
Андан кийин Мамлекеттик коопсуздук кызматынын өкүлдөрү аны суракка алганын "Азаттык" радиосунун өзбек кызматына курган маегинде айткан.