Казакстандын Түркстан облусундагы Фирдауси айылында жоолук салынганы үчүн сабакка киргизилбеген жети окуучунун ата-энеси кыздарынын документтерин алып кетти. Бул тууралуу мектеп директору Жанар Мамырова билдирди.
Анын айтымында, жогорку класстагы 203 кыздын ону жоолугун чечүүдөн баш тарткан. Жети кыздын ата-энеси мектептен документтерин алып кетип, балдарын башка окуу жайга которушту.
- Жоолугун чечпеген 10 кыздын экөө ооруп жатканын билебиз. Бирөө башка мектепке которулуу үчүн документтерин даярдоодо. Төрт окуучунун ата-энесине билим берүү департаменти айыппул салды. Калган үч окуучунун ата-энеси менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, - деди мектеп директору.
Түркстан билим берүү башкармалыгы “Фирдауси атындагы орто мектепте абал турукташканын жана түшүндүрүү иштери уланып жатканын” билдирди.
Казакстандын Билим берүү министрлиги 2016-жылы мектепке кайсы бир динге үгүттөгөн кийим кийип келүүгө тыюу салган. Андан бери казакстандык ондогон ата-энелер "жоолук салынганы үчүн балдарыбызды мектепке киргизбей жатат" деп сотко доо арыз менен кайрылышкан. Соттор ата-энелердин дооматтарын карап, ишти Билим берүү министрлиги менен мектептин пайдасына чечкен.
Быйыл жаңы окуу жылынын башында жоолукка байланыштуу Фирдауси айылында чыккан чырды бул жерден көрүңүз: