Жогорку Кеңештин Бюджет жана финансы боюнча комитети 10-сентябрда Кыргызстан менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы макулдашууну жактырды.
Тараптар Бишкекте "Жылуулук менен камсыздоону жакшыртуу" деп аталган долбоорду ишке ашырууну көздөп жатышат. Парламенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жылуулук тармагын жакшыртуу, жабдууларды оңдоо боюнча долбоор үч баскычта ишке ашырылат.
Ага жалпы 46 миллион доллар кетет деп эсептелген. Бул каражатты Дүйнөлүк банк насыя жана грант түрүндө берет. (NT)