Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:54

“Талибан” бир нече чабуул жасады


"Талибандын" согушкерлери менен ооган аскерлери Орозо айт майрамында, ок атышуу убактылуу токтогон учурда.16-июнь, 2018-жыл.
"Талибандын" согушкерлери менен ооган аскерлери Орозо айт майрамында, ок атышуу убактылуу токтогон учурда.16-июнь, 2018-жыл.

“Талибан” согушкерлеринин ооган коопсуздук күчтөрүнө каршы багытталган бир нече чабуулу учурунда ондогон адамдар мерт болду.

Тажикстан менен чектеш Кундуз провинциясында жергиликтүү кеңештин төрага орун басары Сафиулла Амиринин “Азаттык” радиосуна билдиргенине караганда, Дашти Арчи деген райондо 9-сентябрдын кечинде башталган чабуулдан 15 аскер кызматкер өлүп, 18и жараат алды.

Ал эми өлкө түндүгүндөгү провинциялардын дагы бири - Жаузжанда полиция башчысы Факир Мохаммаддын “Ассошейтед Пресс” агенттигине айткандарына караганда, талибдердин бүгүн таңдагы чабуулунан полициянын кеминде сегиз офицери мерт болду. Полиция башчысы бул жердеги атышууларда “Талибандын” жети согушкери жок кылынып, сегизи жараат алганын да кошумчалады.

Сар-и-Пул деген провинцияда өткөн түнү “Талибандын” согушкерлери үч багыттан койгон чабуулда 17 аскердин өмүрү кыйылган. Мындай маалыматты ДПА агенттиги провинция кеңештин мүчөсү Асиф Садыкиге шилтеме жасап таратты.

Ооганстанда азыр кол салууларды “Талибан” менен бирге “Ислам мамлекети” террордук тобунун согушкерлери да жасап келет. (UE)

XS
SM
MD
LG