Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Түрк элчиси: Гүлен кыймылы боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат


Женгиз Камил Фырат.
Женгиз Камил Фырат.

Түркиялык диний аалым Фетхуллах Гүлендин кыймылы боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. Бул тууралуу Түркиянын Кыргызстандагы элчиси Женгиз Камил Фырат түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын сапарынын жыйынтыгы боюнча 10-сентябрда Бишкекте өткөн маалымат жыйында билдирди.

Фырат журналисттердин түрк басылмалары жазган "гүленчилер" тизмеси тууралуу суроолоруна жооп берип жатып бул багытта тиешелүү мамлекеттик органдар иш жүргүзүп жатканын айтты. Азыр эч кандай маалымат бере албасын, убагы келгенде тизме жана башка иштер белгилүү болоорун кошумчалады.

Режеп Тайып Эрдоган сентябрдын башында Кыргызстанга расмий сапар менен келип кеткенден кийин түркиялык "Хүрриет" басылмасы Анкара кыргыз бийлигине Фетхуллах Гүлендин кыймылынын 130 мүчөсүнүн тизмесин бергенин жазып чыккан. Маалыматта кыймылдын жергиликтүү 13 лидерин Анкарага дароо өткөрүп берүү талабын койгону айтылган. Кыргызстандагы "гүленчилердин" аты-жөнү ачык айтылган эмес, бирок алар түрк жарандары экени белгилүү болгон.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги түрк медиасындагы бул маалыматты ырастаган жок.

Режеп Тайып Эрдоган Бишкекте президент Сооронбай Жээнбеков менен жолугушканда, андан соң Ысык-Көлдө өткөн түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун саммитинде да Фетхуллах Гүлендин кыймылына байланышкан маселени көтөргөн. (BkA/NT)

XS
SM
MD
LG